Чет элдиктер Кыргызды "суунун үстүнө асфальт төшөй турган жаңы технология тааптырсыӊар" деп мыскылдап жатышат

"Чет элдик таанышым "суунун үстүнө асфальт төшөй турган жаңы технология тааптырсыӊар" деп сурады, сыр алдырбай "секрет" деген жооп узаттым", - деди 21-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Садык Шер-Нияз.

Кыргыз мамлекетинин жол оңдоо тармагы оор абалда экенин айткан депутат: "Биринчи күнү барышып асфальтты тешип, эки күндөн кийин барып чайыр куюп кетишет. Үчүнчү күнү жамгыр жаайт", - деп билдирип, мындайда иш алдыга жылбай турганын белгиледи.

Депутат 2017-жылдын 3 айында өкмөттөн тасма тартууга канча акча бөлүнгөнүн сурап, каржы министри Адылбек Касымалиев жылдын биринчи кварталында тасма тартууга акча бөлүнбөгөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ekaterinburg
2017-04-21 12:21:16
Шылдындабаганда анан эмне кылмак эле тообо!Уят эле.Козомолго алгыла да,кантип ондоп жатышканын.
Жакшы дагы ошол"секреттен"болушуп,уйротуп койбоптур.
+8
panda7
2017-04-21 12:40:45
Кимдин доору,асфальтчынын (Начальнигинин) доору болуп атат акыйкат
+4
MOSKVICH
2017-04-21 13:42:14
Орусиялык таанышы эмес бекен? Шер-Нияз мырза, орусияда Путин келет десе каардын устуно асфальт тошоп жиберген видеолору толтураго. Ссылка жонотуп коюнуз таашышыныз ХХХ болсо)))
+2
bom.bon
2017-04-21 13:56:02
Чет элдиктер менен 2040 жылы суйлошбуз))
+4
Riokyrgyz
2017-04-21 15:50:18
Шылдындабай эле койгула чет элдиктер,силердин деле жол курганынардыды ю тубдан коруп эле жатабыз.Мага ишенбесенер озунор деле коргуло.
Тескерисинче биздикилер чет элдиктерден уйрогуп жатышат.
+1
bekchan77
2017-04-21 20:24:25
секрет деп айткандан башка мээнде эч нерсе жок болсо керек
+1
Altysh_Boldush
2017-04-21 22:52:10
Теги кыргыз онолобузбу???
-1
OMURBEK.
2017-04-21 23:15:25
кайсыл козомолго алат оздорун козмолго алалбай турганда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан