КҮНСЕРЕП: УКМК Текебаевди тергеп бүтө албай жатат

Бүгүн, 21-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге таандык делген "Сапат-центр" бизнес-борборунун имаратын таӊ эрте милиция кызматкерлери курчоого алды. Шашылыш коӊгуроону Түлеевдин кызы кагып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду борбордо иштегендерди имараттан күч менен көчүргөнү жатканын айтып чыкты. "Сапат-центрдин" алдына 300дөй жаран чогулуп ал жерде ижарада турарын айтып, ичкери кирүүгө аракет кылышты. Бирок майнап чыккан жок. Нариман Түлеев окуяны "имаратты басып алуу" катары баалап, милициялар соттун чечимисиз күчкө салып жатканын айтууда. Ал эми күч органдары имарат конфискацияланып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын карамагына өткөрүлүп берилгенин айтышты. Мындай буйрукка 2016-жылы 28-декабрда кол коюлганы белгилүү болду. Коррупция боюнча соттолуп 4 жыл абакта отурган Нариман Түлеев 2016-жылдын май айында эркиндикке чыккан. Экс-чиновник 2012-жылы 11 жылга эркинен ажыратылып, Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен анын үй-мүлкү конфискацияланган. "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталган. Кийин мунапыска туш келип, айып пул төлөө менен эркиндикке чыкканы белгилүү. 2016-жылы түрмөдөн чыккандан кийин ал маалымат жыйын өткөрүп "Данияр Нарымбаев тарабынан Каржы полициясына жана укук коргоо органдарына Түлеевдин балдарын кордоо тууралуу команда берилген" деп билдирүү жасаган. Быйыл март айында интернетке Түлеевдин конфискацияланган мүлктөрү тууралуу видео тараган. Анда Түлеевдин мэр болгонго чейин тапкан мүлктөрү да конфискацияланганы тууралуу сөз болот. "Иштин башында Нарымбаев турат деп ойлогонбуз. Ал соттолду. Бирок баш аламандык дагы эле уланууда" деген Түлеев президентке кайрылган эле. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Түлеевдерден мүлктөрү боюнча ыңгайлуу чечим чыгартып берем деп пара алган деп соттолуп, жазасын өтөдү. Бирок Нарымбаев кеткенден кийин деле жогору жактан буйрук түшүп жатканын айтып Түлеев арызданып келет. Демек, Нарымбаев бул окуяда атайы даярдалган торго түшүп, кызматтан четтетилген тура деген жыйынтык ой чыгат. Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева болсо, "туугандарыбызды дагы жашаган жеринен чыгарып жатышат. Соттор доо арызды карабай, жогору жактан команда күтүп жатышат" деген. Түлеевдин билдиришинче, бүгүнкү күндө соттор "бирөөнүн" буйругун аткарып жатышат. Чиновниктин жана анын туугандарынын мүлкүн тартып алууну көздөгөн "жогору жактагылар ким" деген суроо жаралат. Экс-мэр өзү мыйзам чегинде айып пулду төлөп бергенин айтып, туугандарына жана балдарына таандык мүлккө тийишпөөнү суранууда. Ак үйдөн азырынча Түлеевдерге тийиштүү мүлктөрдүн конфискацияланышы тууралуу комментарий боло элек. Бүгүнкү окуяны жапайычылык, өзүм билемдик катары баалагандар да чыкты. Имаратты конфискациялоо боюнча соттун чечими болсо, анда имараттын кожоюну ал жерде кеңселерди ижарага алып иштетип жаткандар менен маселени чечүүсү керек болот. Максим Бакиевдин мүлктөрү сыяктуу бул мүлктөр да аягы барып кызматтагылардын менчигине өтүп кетпейби? Коомчулук тыкыр көз салып туруусу керек....

Парламентте “Ата Мекен” фракциясы өкмөттүн 2016-жылкы иши боюнча отчётун угуп, акырында "канааттандырарлык эмес" деген баа берди. Депутат Каныбек Иманалиев берген убадаларынын 30 пайызын гана аткарганын, Боинг кырсыгы, жолдордун абалы өӊдүү олуттуу иштерде чабалдык кылып жатканын айтып, "мындай өкмөткө мындан башка кандай баа бермек элек" деп агынан жарылды. Иманалиевден айырмаланып вице-премьер-министр Олег Панкратов 2016-жылы өкмөттүн программасы 90 пайызга аткарылганын айтууда. Бирок аны депутаттардын "план аткарылды дегениӊер менен элдин жашоосу оӊолбой жатат" деген жообу токтотту. "Ата Мекенчилер" Бишкек-Кара-Балта трассасы 3 жылдан бери жасалбай, жылдан жылга маданият тармагына бөлүнгөн каражаттардын көлөмү азайып жатканын айтышты. Жыйында Панкратов өлкөдө канча жумуш орду түзүлгөнүн, мигранттарды өлкөгө кайтаруу тууралуу суроого жооп бере алган жок. 18-апрелде Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция: КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракциялары өкмөттүн 2016-жылкы отчётун караган. Анда депутаттардын көпчүлүгү өкмөттү өтө мактап, Сооронбай Жээнбеков жетектеген министрлер кабинети мыкты иштеп жатканын айтып өкмөт мүчөлөрүнүн маанайын көтөрүшкөн. Андан кийин "Республика - Ата Журт" фракциясы да өкмөттүн бир жылдык ишин "канааттандырарлык" деп тапкан. Адаттагыдай, "аракет кылып жатабыз, айрым кемчиликтерди быйыл жоёбуз" деген убадалар айтылып, эл өкүлдөрү ага ынангандай түр көрсөтүп кала беришкен. Жалпысынан караганда өкмөт айткан экономикалык өсүштөр, жашоонун жакшырып баратканы реалдуулукта анча байкалбайт. Кылмыштуулук, жумушсуздук өӊдүү эски көйгөйлөр дагы эле күчүндө...

Бул арада депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдына митинг өткөрүштү. Депутатты 27-февралда сот эки айга камакка алуу чечимин чыгарып, 25-апрелге чейин тергөө абагына калтырылган. Митингчилер мурдагыдай эле Өмүрбек Текебаевди тергөө абагынан бошотууну, күнөөсүз адамды каралоону токтотууну талап кылышты. Чогулгандарга көп өтпөй "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары келип кошулушту. Алгач сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда болору айтылып, Текебаевдин тарапташтары соттун имаратынын алдына чогулушкан эле. Кийин сот мурунку Аскердик соттун имаратында өтөрү белгилүү болду. Буга чейин да Текебаевдин баш коргоо чарасы көчмө соттук отурумда каралган эле. Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду 25-майга чейин камакта калтырды. Ал эми УКМК Текебаев менен Чотоновго "коррупция" беренеси боюнча акыркы айыбы угузулганын маалымдады. 2 айлык мөөнөт бүтүп, тергөөдөн кийин айып угузулду. Текебаевдин кылмышын моюнуна алдырууга жетиштүү далил табылдыбы-жокпу белгисиз. Бирок коомчулукта аны президенттик шайлоого катыштырбоо амалы жасалып жатат деген пикир күч. Сот өкүм чыгарып, өкүм күчүнө киргенде Текебаев президенттик жарышка катышуу укугунан ажырайт. Ошондуктан аны эртелеп соттоп жиберүүгө бийлик көбүрөөк кызыкдар...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан