Кыргыз Республикасынын 390 айылында таза суу жок экени өкмөттүн отчётуна 10 жылдан бери жазылат. Бул тууралуу 21-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирди.
Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдиргендей, 2016-жылы Кыргыз мамлекетинин 8 айылы таза суу менен камсыздалды. Ага 80 миллион 600 миң сом жумшалган.
Депутаттар өкмөттүн планына ылайык, 2026-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдары таза суу менен камсыздалууга тийиш экенин айтып жатышат.
Белгилей кетсек, аталган фракция 2016-жыл боюнча өкмөттүн отчётун угуп жатат.