Ислам Каримов президент Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин дарегине Өзбекстанстандын президенти Ислам Каримовдун атынан Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй: 

 

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович. Фашизмдин үстүнөн Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Жеңиштин жаркын күнүн жакындатып, кажыбас кайрат жана майышпас эрк көрсөтүп, өз өмүрүнүн баасы менен согуш талааларында тынчтыкты жана эркиндикти коргоп калгандар, оорукта талбай эмгектенгендердин кайраты, эрдиги жана каармандыгы биздин жүрөгүбүздө  түбөлүккө сакталат. Жагдайдан пайдаланып сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук жана бардык жакшылыктарды, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан