Депутаттар “жакында өлкөдөн ишке жарамдуу адамдарды таппай калабыз" дешти

“Жакында өлкөдө ишке жарамдуу адамдар калбай калат, баары чет мамлекетке кетет”, - деп билдирди 21-апрелде “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов.

Депутат вице-премьер-министр Олег Панкратовдон мигранттардын абалы, аларды мекенине кайтаруу боюнча эмне иштер жасалып жатканын сурады. Панкратов тышкы миграция боюнча бирдиктүү систем түзүлгөнүн билдирди. Систем “Манас” аэропортунда иштеп жатканын белгилеп, жакын арада “Ак жол” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жана Ош аэропортуна коюларын айтты. Ал эми мигранттарды өлкөгө кайтаруу боюнча жооп берген жок.

Белгилей кетсек, аталган фракция 2016-жыл боюнча өкмөттүн отчётун угуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан