Цирк конок үйүнүн жашоочулары: "Имаратты кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн бошотуп жатышат. Көрөсүңөр, ал бузулуп, ордуна көп кабаттуу жай курулат"

Бүгүн, 21-апрелде Бишкектеги Циркке караштуу конок үйүнүн жашоочулары чыгарылып жатат. Сот аткаруучулардын айтымында, алардын көпчүлүгү цирктин кызматкерлери эмес.

Наргиля Кожокеева жатаканадан көчүү тууралуу эскертүү 2 күн мурун гана келгенин айтат:

"4 балам менен отургам, эшикти ачпай койгом. Бир аздан кийин эшигимди талкалап киришти. Күчкө салып эле чыгарып жатышат. Азыр кайда барам билбейм. Бул жерде 13 жылдан бери жашайм. Балдарым жакын жерде окушат. Акчам да жок, эми каякка орноштуруп окутам?"

Тургундар нааразы бойдон, оокаттарын жыйнаштырып, аргасыздан көчүп чыгууга мажбур экенин, милиция кызматкерлери аларга күч колдонуп чыгарып жатышканын айтышты.

"Арты 25 жыл, асты 10 жыл жашап калдык. Жок дегенде, балдарыбыздын окуусу бүткүчө майдын аягына чейин уруксат берип тургула десек, болбой жатышат. Окуу жылы бүтөрүнө 1 ай калды. Балдарыбыз кайсы мектепке, балдар бакчасына барышат? Окуу жылы бүткөндө, кийинкисине чейин ата-энелер эптеп жайгаштырып алмакпыз. Бул жак каралбай калган болчу. Биз баарын оңдоп койгондо, чыгарып жатышат. Тынчыбызды алып, саат 9да эшиктерди талкалап киришти. Мен өзүм 25 жылдан бери жашайм. Бул жакта жашап жаткандар, башка жактан келгендер эмес да, кыргыздарбыз. Ушунча болгондон кийин 1 ай күтө турушса болмок", - дейт жатакананын жашоочусу Гүлмайрам Исакунова.

"Жашоочуларды бөлүп-бөлүп чыгарып жатышат. Себеби баарын бир маалда чыгарса, ызы-чуу чыгат. 56 үй-бүлөнүн 45ин ушинтип чыгарып бүтмөйүн улана берет. Негизи алардын арасында деле бир кезде циркте иштегендер бар болчу. Болгону алардын документтери жоголуп кеткен. Имарат мамлекеттик болгондон кийин мамлекеттик иште иштегендер деле жашаганга укуктуу. Бул жакка эми цирктин кызматкерлерин көчүрүп келебиз деп жатышат. Бирок бул жерде бир гана адамдын кызыкчылыгы бар. Көрөсүңөр, бул жакка да бир маалда "Дамастай" болгон имарат курулат. Кыргыздарда ушундай", - дешет тургундар.

Алардын айтымында, имарат каралбай калган. Кимдир-бирөө бул жакты бошотуп, имаратты буздуруп, ордуна көп кабаттуу имарат салат.

"Имарат бир кезде каралбай, сойкулар көбөйүп кеткен. Биз келип баарын тазалап, иретке келтирген соң башкалардын көзү арта баштады. Биз бул жерден чыкпайбыз деген жокпуз. Болгону окуу жылдын аягына чейин убакыт бергиле деп жатабыз", - дешет тургундар.

"Жогорку соттун чечими менен бул жакта мыйзамсыз жашагандар көчүрүлүшү керек болчу. Азыр түшүнгөндөрү өзүлөрү кетип жатышат. Түшүнбөгөндөр каршылык көрсөтүп жатышат", - дейт Свердлов Райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынара Борбашева.

Ал эми цирктин башчысы Курмангазы Исанаев 10 жыл бою соттошуп жүрүп имаратта мыйзамсыз жашагандарды чыгаруу чечими чыкканын билдирди:

"2005-жылы келгенде 10 жылдан бери жашап алгандар бар экенин көрдүм. Алар "Эл аралык Спутник" ЖЧКсы менен кийин менчикке чыгаруу шарты менен келишим түзүп алышыптыр. "Эмненин негизинде бул жакта жашап жатасыңар" деген суроомо "кайда барабыз? Биз деле Кыргыз жарандарыбыз" деп жооп берип жатышты. Мен ошондо каякка башчы болуп келгенимди тушүнбөй, тергөө иштери башталып, акыры сотко кайрылууга туура келди. 10 жыл соттошуп жүрүп уттук. "Мыйзамсыз тургундар катары көчүрүлсүн" деген чечим чыккан. Ошондон бери сот аткаруучулар чыгара албай келишкен. Ортодо канча адам кыйналды. Бул жак жатакана эмес, цирктин артисттери үчүн конок үй. Булар ушунча жыл бою бекер жашашкан. Көчүрүлүп бүтсө, кадимки функциясы боюнча келген артисттерди кабыл алат", - деди Курмангазы Исанаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lekarstvosvoegomuja
2017-04-21 16:28:47
Ооооо! Коро элегинер ошол жер калдыбы??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан