Парламенттеги КСДП фракциясы президентти шайлоого тийиштүү мыйзамга түзөтүү киргизүүгө киришти.
2017-жылдын 2-майында Жогорку Кеӊеште парламенттик угуу өтөт. Анда "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору талкууланары белгилүү болду. Демилгечи - КСДП фракциясы.
Мыйзамды өзгөртүүнү Дастан Бекешев, Айнуру Алтыбаева, Мирлан Жээнчороев баштаган депутаттар сунуштап жатышат.
Кечээ президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси Фарид Ниязов КСДПнын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоого тийиштүү мыйзамды өзгөртүүнү парламентке сунуштаганын билдирген эле. Анда шайлоону 2017-жылдын 19-ноябрында эмес, октябрда өткөрүү сунушталып жатканы айтылган. Бирок жогорудагы мыйзам долбоорунун авторлорунун арасынан Өмүркуловдун аты-жөнү көрүнбөйт.