SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "А мен мышыкты жакшы көрөм..." деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кичинекей кезимден баштап күчүк, мышык дегендерди жакшы көрөм. Күчүгүмдү жуунтуп, кышында мышыгымды төшөгүмө киргизип алып жатчумун. Көчөнүн балдары иттерди талаштырып ойношсо, мен итиме болушуп ыйлай берчүмүн. Козу, улак, торпок, айтор, үй жаныбарларынын баарын жакшы көрөм".
"Тескерисинче, менин мышыктан аллергиям бар. Анын тырмактары менен кишиге тырмышканын жаман көрөм. Кадимкидей коркуп кетем".
"Кичинекей күчүк, музоону жакшы көрөм. Бирок аларды кучактап, жуунтуп, өөп-жыттаганды сүйбөйм, жөн гана кызыгып карап коём".
"Жылкыны жакшы көрөм, андан башка негизи эле жаныбарлардын балдарын жактырам. Музоо, козуларга өз колум менен сүт берип жүргөн кездерди сагындым".
"Адам деген ушундай ар түркүн болот тура. Бири мышыкты, бири итти, бири козуну, бири крокодилди жана башка жаныбарларды жакшы көрүшөт. Аларга макул болосуң. Бирок кайсы бир учурда адам кыйналып жатса, ага жардам бермек тургай карап да койбой, мышыгын сылап, итин эркелетип жаткандарды көрүп, муунтуп салгың келет. Анткен менен алар да адамдар да, кайра боор ооруп, аяйсың..."
"Кичинекей ак, сары, ар кандай түстөгү жөжөлөрдү жакшы көрөм, анан жаңы туулган улактарды, козуларды жакшы көрөм, ий, тим эле бойтоюшат да, жүндөрү да таза, жумшак, өңдөрү да туптунук болушат го. Эх, айылга барсаң, жаш балага окшоп ошол бойтойгондорду кубалап ойносоң ээ. Бирок алар да жаш бала менен жакшы ойношот го, чоңдордон качышат".
"Мышыкты жаман көрөм, кармап алсам, тамдын же дарактын башына ыргыта берем да, кыйналып түшө албай жүрө берет, анан мени көрсө качат, айланып өтөт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.