Ильхам Алиев президент Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Азербайжандын президенти Ильхам Алиевден Жеңиш күнүнө карата куттуктоо келип түштү. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй: “Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизди жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ошол катаал жылдары элдерибизди ширелткен достук, өз ара ишеним жана колдоо мындан ары дагы Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин гүлдөп өнүгүшү үчүн көп тараптуу өз ара кызматташууга бекем негиз болот деп ишенем.

Ушул унутулгус күнү согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине, бүтүндөй Кыргызстандын элине бакыт-таалай, ийгилик жана бакубатчылык каалайм”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан