Бүгүн, 21-апрелде Бишкекте Мерседес менен Субару үлгүсүндөгү эки унаа катуу ылдамдыкта кубалашып, сүзүп кеткен эки окуучу №74-мектептин 3-классында окушарын SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.
"Окуя балдар сабактан чыгып келе жатканда, мектептен алыс эмес жерде болуптур. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кырсык болгон жерде түшүп калган "08 382 ААF" унаа номери Чүй облусунун Сокулук районунун тургунуна таандык экен. Кызматкерлер ошол дарек боюнча чыгып кетишти", - деди Таалай Бугубаев.
Эскерте кетсек, окуучулардын биринин колу, экинчисинин буту сынган.