Окумуштуулар газдалган, таттуу ичимдиктер адамдын мээсинин кичирейишине алып келерин билдиришти

Америкалык окумуштуулар газдалган, таттуу ичимдиктер адамдын мээсинин кичирейишине жана эс тутумунун начарлашына алып келерин билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мындай жыйынтыкка адистер курамында кумшекер болгон ичимдиктердин адамдын ден соолугуна тийгизген таасирине арналган изилдөөлөрдөн соң келишкен. Алардын айтымында, газдалган ичимдикти күндө ичүү туура тамактанууга салыштырмалуу инсультка кабылуу жана мээнин жакшы иштебей калуу тобокелин 3 эсеге жогорулатат. Изилдөөгө 30 жаштан жогору адамдардан турган 3 топ катышкан. Биринчи топто 4 миңге жакын жашы 30дан өйдө катышуучу; экинчи топто жаш-курагы 45тен ашкан 3 миң адам; үчүнчү топто жашы 60тан жогору 1,5 миң киши болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2017-04-22 08:57:16
Ошондо кола фанта дюшестке окшогон ичимдиктерби
+1
Arsen.D
2017-04-22 13:36:04
kechirmeni, ошолор
0
Kroxa
2017-04-23 21:56:24
Газдалган суусундуктарды ичпоону туура деп ойлойм...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан