Өкмөт: "Боинг кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары ӨКМнын атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү принцибин жактырышты"

Боинг кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары ӨКМнын атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү принцибин жактырышты. Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган Өкмөттүк комиссия Боинг кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары менен болгон жолугушууда белгилүү болду. Бул тууралуу 21-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, каражатты бөлүштүрүү принциби каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары менен биргеликте иштелип чыккан. Мухаммедкалый Абылгазиев ӨКМнын атайын эсебине калк тарабынан 100 миллион 499 миң 300 сом түшкөнүн эскертти.

"Финансылык каражат каза болгондор менен жабыркагандардын туугандарына жана моралдык, материалдык чыгымга учураган жарандарга бөлүштүрүлөт. Акча каражаттарынын белгилүү бир бөлүгү чоңойгондо өз керегине колдонуусу үчүн, ата-энесинен кароосуз калган эки баланын эсебине түшөт.

Атасынан же энесинен ажыраган алты балага да төлөмдөр каралган. 35 каза болгон жарандын туугандарына жана денесинен ар кандай жаракат алган 18 жаранга да өзүнчө акчалай каражат берилет. Психологиялык сокку алган 27 жаранга да финансылык жардамдар көрсөтүлөт.

Мындан сырткары турак жайы толук жараксыз калган үй ээлерине жана кийинки жашоого мүмкүн болбогон үйлөрдүн (17 үй) ээлерине да жардам берилет.

Өкмөттүк комиссиянын жабыркагандар менен бирге чечиминин негизинде кырсык болгон айылга жардам катары 5 миллион сом бөлүнөт. Мындан сырткары айылдын инфраструктурасын жакшыртууга Сокулук районунун айыл өкмөтүнүн эсебине да каражат которулат.

Белгилей кетүү керек, жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, аларга бөлүнгөн финансылык каражат, алардын талаптары боюнча ар кандай чыгымдарына төлөнүү үчүн, ар биринин жеке банктык эсебине которулат. Каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары ачык иш алып баргандыгы үчүн Өкмөттүк комиссияга ыраазычылыгын айтышты", - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түркиялык "ACT Airlines" компаниясы каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына тиешелүү компенсацияларды төлөп берүү максатында алардын документтеринин ырасталышын күтүп жатат.

Белгилүү болгондой, каза болгон жана жабыркагандардын туугандары, учак таандык болгон "ACT Airlines" компаниясынан компенсация алуу үчүн документтерин ырасташууда. Каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары менен айыл өкмөттүн жетекчилери, юристтер, мамлекеттик нотариус иш алып барып, компенсациялардын деталдарын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
stal.ks
2017-04-21 18:46:54
Кочку жургон жерлерге да болуштургуло
0
aydinnur
2017-04-21 19:00:41
Айтса болбойсуңар,митинг кылып аткандардын арасында кырсыктагандар жок деп)))билип-билбей ачуу сөзүңөрдү агытасыңар(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан