Сапар Исаков Кадамжай районунун Бүргөндү айылындагы ирригациялык түйүндүн ачылышына катышты

Бүгүн, 21-апрелде, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылындагы Бүргөндү массивиндеги ирригациялык түйүндүн ачылышы болду. Ага президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Абиш Халмурзаев катышышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы бүгүнкү ачылып жаткан ири долбоордун кыска убакыт аралыгында ишке ашарына көптөр ишенбегендигин баса белгиледи.

"Президенттин жеке көзөмөлү менен аталган долбоор ишке ашты. Долбоорду ишке ашыруу өлкөнү бекемдеп, ички миграция агымын азайтып, жергиликтүү тургундарга кошумча жумуш орундарын түзөт. Бүгүнкү күндө суу дүйнө жүзүндө эң баалуу ресурска айланды. Биз өлкөдөгү суу ресурстарын чоң жоопкерчилик менен аярлап, эффективдүү колдонушубуз керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Өкмөт сугат суу башкаруу системин иштеп чыгуу жана жакшыртуу үчүн мындан ары да иштерди улантарына басым жасады.

Белгилүү болгондой, "Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги жаңы сугат жерин өздөштүрүү" долбоору 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашты.

Долбоордун алкагында узундугу 1,56 чакырым болгон эки суу тосмосу менен дюкер, 3 чакырым болгон жабдуулары жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3850 гектар сугат жери өздөштүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
KGstan1981
2017-04-21 19:29:49
Мындан эки жыл мурун кутту ошондой турдо.Жалал-Абад облустунда Атамбаев лентаны кесип ирригациялык каналды ачкан эле.КТРКдан саартан кечке ч-н мактанып корсоткон.Бирок андан коп отпой ал каналдан суу акпай кургап калган.Азырда коросунор КТРК саартан кечке ч-н бул жанылыкты корсотот анан бир нече кундон кийин ал каналдан суу акпай калат.Бул просто азыркы бийликтин показухасы.
+8
Alixan-Nookat.2015
2017-04-21 20:02:04
KGstan1981, Туура айтасың.
+6
asankulov12
2017-04-21 21:32:37
KGstan1981,саартан дегенин эмне?
-1
KyrgyzKagan
2017-04-21 22:30:13
asankulov12, Эртеден кечке деген.
+1
Dinakg
2017-04-21 20:37:11
Сапар мырзага суугат ишинин ачылышыбы башканын ачылышыбы барып лента кесип,озун шайлоонун алдында пияарлоо менен убара.Алмаз байкесинен креслону жылуу откозуп алуунун аракетин коруудо.Элди да башканы да ойлошпойт.Коп нерсе жазгым келди бан кылып ийишпесин......
+8
KyrgyzKagan
2017-04-21 22:39:54
Dinakg, Туура айтасын, СДПКдан ким талапкер, ким мураскер болоору билинип калды эми эле. Эч кандай онугуу, эл учун эч нерсе жок. Эптеп эле элдин башын айлантып бийлике келуунун амалы. Салган жолдору, курган уй, мектеп, бала бакчалары 1-2 жылда эле талкаланып жатат. Карыздар осуп кобойуп жатат. Озбекстан менен чек араны чечиштик деп жатышат, кеп чечишкенде эмес, аны тосуш керек бийик кылып, карыз алып болсо дагы. Анан дагы Дача Суудагы жабыр тарткандарга элдин чокулткан акчасын берип койгула.
+3
Mers124
2017-04-21 20:50:13
Катышса не экен. Жээнбеков деле катышты. Жеңил пиар болуп калды го.
+2
madiyar1
2017-04-21 21:24:50
Сооронбай Жээнбеков бышкан ашка келип лента кесип кетиптир. Бул каналды Алчынбай Торолиев элден тушкон налогко курган .
+5
Esenali
2017-04-21 23:47:04
madiyar1,эч кандай Алчынбай курган жок, президенттен акча бөлүндү мен ушул жерде иштедимго
-3
bekbolot929312
2017-04-21 21:44:20
Сапар Исковду че-то көп окубай элебизби? акыркы кездери.
+3
almazbei
2017-04-22 06:04:31
bekbolot929312,ошондойго , кобуроок окуп калдык акыркы убакта ?
0
nurkojo
2017-04-21 23:54:06
Кичинекей жерге ушунча адам расход кылып келип эмне кыйратышты??? Чон завод же Гилейген Оорукана ачкандай кулуп суйунушуп алыптыр... Коммент коп жазбайм бирок коруп алып ичим ооруду... Бул каналда эптеме болсо керек, Жээнбеков келет дээлинген жерге озу жакшы нерсе куруп курулуп жатат бекен.......
+4
lion1992
2017-04-22 00:46:23
чоондорго чоон рахмат алчынбай акегеда чоон рахмат бул жакшы ишиниздер эч качан утунулбайт суу сыйлаган зор болот суу бул омур булагы
+1
souza.j
2017-04-22 07:31:39
Аксыда Ак Терек каналы ушунтип ачылган. Грамм суу жок. Кайран акча. Каримов жонундо ошондо айтан.Аша
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан