Бүгүн, 21-апрелде Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде сүзүлгөн 2 окуучунун абалы азыр да оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуучулардын биринин ата-энеси кабарлады.
"Жол чырактан өтүп бара жатышканда сүзүп, качып кетишиптир. Жалал-абаддык туугандарыбыз Ош базардан келе жатып көрүп калып бизди чакыртышты. Учурда уулум Эрбол эмне болгонун билбейм. Азыр дары берип уктатып коюшту", - дейт жабыркаган балдардын биринин атасы Адилет Жумабай уулу.
"Экөө тең 2007-жылкы балдар экен. Акыбалдары оор, жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Эсине бир келип, бир келбей жатышат", - дейт башкы дарыгердин орун басары Данияр Шайбеков.
"Биз үйдө отурганда мектепке чакырышты. Барсак эле экөө тең жерде жатышыптыр. Экөөнүн аралыгы 15 метрдей экен. Бирөөсүн сүзүп, менин жээнимди 15 метрге сүйрөп кетиптир. Абалдары оор дейт. Башка балдар эртерээк өткөнгө үлгүрүшүптүр", - дейт Эрбол Адилет уулунун таежеси.