Чыныбай Турсунбеков Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн балдары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков 21-апрелде Кыргыз мамлекетинин түптөөчүлөрү Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев жана Төрөбай Кулатовдун балдары менен жолугушту.

Турсунбеков жогоруда аталган инсандар жалпы кыргыз элинин сыймыгы экенин белгиледи. "Ошол аталарыбыздын эбегейсиз эмгеги менен бүгүнкү эгемендүү Кыргыз мамлекетинин пайдубалы түптөлгөн. Алар бир үй-бөлүнүн гана кызыкчылыгы үчүн курман болбостон, жалпы улуттун келечеги деп жүрүп каза табышты. Андыктан ар дайым эскерип жүрүү менен, алардын даӊазалуу ысымдарын түбөлүккө калтыруу бүгүнкү жана келечектеги муундун милдети", - деди спикер.

Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова атасынын күндөлүгүн коомчулукка кеӊири жайылтуу зарылчылыгын айтса, Төрөкул Айтматовдун кызы Роза Айтматова "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексин жана андагы музейди жакшыртуу керектигине токтолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан