9-Май - Жеңиш күнү Талас шаарындагы борбордук аянтта салтанаттуу түрдө белгиленет.
Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 9-май күнү саат 10:00дө борбордук сейил бакта согуштун баатырларын эскерүү митинги өткөрүлөт. Иш-чараны шаар мэри Анарбек Кушубеков ачып, андан соң баатырлар үчүн тургузулган эстеликке гүл коюу аземи болот. Саат 10:30да борбордук аянтта аскердик парад болот.
Мындан тышкары концерттик программа тартууланып, ардагерлерге майрамдык белектер тапшырылат.