Президент Алмазбек Атамбаев 22-апрелде башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды.
Мамлекет башчыга Бишкек шаарындагы архитектура жана шаар куруу жаатында мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча иштер тууралуу маалымат берилди. Башкы прокурордун айтымында, мыйзамдарды мүчүлүштүктөрдү жоюу, ченемдик-укуктук актыларга тиешелүү оӊдоолорду киргизүүнү демилгелөө максатында көзөмөл органы тарабынан бул чөйрөдөгү коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатат.
Жолдубаева борбордо мыйзамсыз салынган курулуштар сүрдүрүлүп жатканын кошумчалады.
Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага биринчи кезекте өлкө борборунда шаар куруу жаатында мыйзамдуулукту камсыз кылууга байланышкан бир катар тапшырмаларды берди.