ЭЛДИК КАБАР: Базар-Коргондо козу карын терүү башталды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда козу карын терүү башталды. Бул тууралуу 22-апрелде окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Маалыматка таянсак, жергиликтүү эл козу карынды жаңы терилген учурда же кургатып сатышат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
salimbek87.kg
2017-04-22 13:22:32
А жакшы бизде лейлекте козу карын сезону буткон бизде марть айында эле даяр болот ,кырманынарга береке.
+8
R_u_S
2017-04-22 13:48:51
Фотопарат жакшы экен ))
+5
Jyide
2017-04-22 14:24:57
марть)))
-2
revolyutsiya1
2017-04-22 14:43:02
Байкуш элде кор тирилик да, жазда козу карын, чырыч, чукуру, кымыздык терип сатат. Мээ кайнаткан жайдын аптабында көбар терип сатышат. Тоолуктар жапайы алма ж.б.терип сатат. Кузундо жангак, долоно ж.б. Айтор эл эптеп тиричилик кылып жатат, олбо жаным олбо деп, жазга жетсе суйунуп (олбогон жанга жаз келди деп)...

Кандай оор жашоо болсо да чыдап жашаган, мин кыйынчылыкта да сыр бербей жылмая алган Мекендештерим аман болушсун. Бул кундоп да отоор кетээр...
+2
keldish
2017-04-22 15:12:51
revolyutsiya1,ошонун барына шугур десен, качан болсо ыйлап эле журосун.
+19
revolyutsiya1
2017-04-22 17:01:34
keldish, сендей диний радикалга эмне жок, арабанды тарт. Мен элди ойлоп элдин жашоосун айттым, сага окшоп жомокто, кыялда жашабай. Же Атамбаев шефин элдин жашоосу дурус дедиби. Же Чубак ажы тагдырынарга тан берип моюн сунуп жашай бергиле дедиби?!!
-12
revolyutsiya1
2017-04-22 17:06:12
keldish, сен олум-ый болгон жерде эт-аш жеп семирип журсон керек да. Эл шугур кылгыдай кыйраткан жакшы жашоосу жок. Ар 3 уйдун экоондо мигранттар бар, ошол уйго жардам кылып турган. Ошолор жоноткон акчага экономика айланып сендейлер менен байлардын иши журушуп жатат. Сен шугур кыла бер. Элдин жашоосу онолсо, эл да шугур кылат...
-13
ajydaar
2017-04-22 17:26:23
keldish, туура айтасын шугур кылыш керек.
+9
ajydaar
2017-04-22 17:56:05
revolyutsiya1, сен эмнелерди жазып жатасын, бул жерде байкуш дегидей, эч нерсе жок. Окурман "козу карын теруу башталды" деп, суйунуп кабарлап жатат. Козу карынды эл ач калгандыгынан жебейт, жанылык деп суйунуп жейт. Сен тема боюнча жазсан, ушул жерде да ызы-чуу чыгарбай.
+13
revolyutsiya1
2017-04-22 18:14:27
ajydaar, биринчиден озунду озун колдоп клоун болуп журо бер, как будто эл сенин 99 ник менен кирип озуно озун жооп жазып плюс басып жургонунду билбей тургансып.

Экинчиден козу карынды жанылык деп суйунуп жегендер бар, бирок копчулук козу карынды сатуу учун терет, биртке акча болсун деп. Мен жогоруда санагандардын баарын терип сатышат кыйналып... Мен жалпылап айттым, а сен шугур кылып отура бер плюс, минус басып 99 никтуу болгонуна...
-11
admin_superstan
2017-04-22 19:04:32
ajydaar, revolyutsiya1, жеке айтышууларга жол бербегиле. Эскертүү!
+3
isnur93
2017-04-23 12:02:15
revolyutsiya1,ал сатып акча тапкан жаман нерсе эмес,Кудайым элди эмгекчил,меенетчил болсун деп,ырыскыбызды ар жерге чачыптыр,ошону терип жеп жатат,Кудайга шугур башка олколордун алды,артыда эмеспиз,орто жашоодо жашайбыз.
Кошуна мамлекет президенти "эн кыйын"деген статус менен жургон,а эли биздин элдин колуна келип талаа жумуштарын жасап кетет акчага,шугурчулук болсун,биз андай эмеспиз.
+3
isnur93
2017-04-23 11:51:27
revolyutsiya1,Кудайым ырыскыны чачып койгон,ошону ар ким аркандай кылып терип жеп жатат,шугурчулук болсун ошогода.
+2
nurbekasr
2017-04-22 14:46:45
Этият болуп терип жегиле,анан өткөндөкү жазгандай ууланып калбагыла.Негизи козу карынды орустар жесин да,биз кыкемдер анча биле бербейбиз.
+1
baltabai
2017-04-22 15:37:41
Kozu karyn bashkachago
+1
Bek4590
2017-04-22 15:54:08
1-2 эле козу карын бар окшойтко, же мага корунбой жатабы. Мындайда кечке терсен, 5ти аран тересинго.
+1
rejepova
2017-04-22 16:33:21
Bek4590,эмне сага баарын тартып жонотмок беле
-2
Nursultan.m.n
2017-04-22 17:33:46
Эххх....
Кандай керемет!!!
Жазындасы баары жаны....
+1
Adilet_adi
2017-04-22 18:29:16
Кооп эле чыкты
0
Beka1986
2017-04-22 18:43:35
Кг канча сом экен?
0
bayaman.erkin
2017-04-22 19:40:09
жакшы жанылык айтса дароо эле ызы чуу кылып жибердинер го туугандар...
+1
B.I.O
2017-04-22 20:39:23
-?
0
Joldubai82
2017-04-22 20:55:00
Козу карын мындай болбойт козу карын аппак болот.
0
R_u_S
2017-04-22 21:13:33
Joldubai82,Козу карындын түрү болот, ак койду көрүп кой мындай болбой кара болот деп жүрбө))) (тамаша)
+1
etaj_rus79
2017-04-23 02:32:11
Joldubai82,сен айткан ак козу карындын аты чон быш дейт же козу куйрук деп койот а бул козу карын ага караганда даамдураак келет
0
arzygulR
2017-04-22 22:25:29
Мага деле жоноткулочу)))
0
Kroxa
2017-04-25 04:39:13
Соонун болуптур,саткыла жегиле кудай берген ырыскыны тергиле..эмнеге болбосун???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан