Талантбек Батыралиев, министр: "Ооруканалардын оор абалы мага жаңылык деле эмес"

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 22-апрелде Бишкектеги ооруканаларды кыдырды. Министр Бишкек шаардык балдар ооруканасына, Медициналык консультациялык кызмат жана спорттук медицина борборуна барганын министрликтен билдиришти.

"Шаардагы ооруканалардын оор абалы мен үчүн жаңылык деле болбой калды. Дагы бир жаман көрүнүш - алардын авто токтотмого айланышы. Бейтаптын жакындары оорукана имаратына автоунаалардын ортосундагы тар коридор аркылуу кирип жатышат. Биздин өлкөдө идеалдуу тартип сакталган саламаттыкты сактоо мекемелери сейрек кездешет. Менеджмент жетишпейт. Жетекчи акча жетишсиздигин же башка себептерди айтып даттанбай, жаралган көйгөйлөрдү чечиши керек, ошол үчүн жетекчи да. Бейтап эртеңки жакшы күндү күтпөй бүгүндөн тарта сапаттуу тейлөө көрүп, ыңгайлуу шартта дарыланышы керек. Айрыкча балдар жөнүндө сөз болуп жатканда", - дейт Батыралиев.

Коомчулукта министр Батыралиевдин ишине сын-пикир көп. Буга чейин Бишкекте анын отставкасын талап кылган митингдер өткөнү да белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
ady-88
2017-04-22 17:23:12
Бул бети бетон болгон министр сорйду иштен алып эле тынбастан иш козгош керек. Элдин акчасына байып жатканы учун. Бул жепжутар минист билем мага жанылык эмес дебей жегенин кыскартып бир алгылыктуу иштесе болот эле.
+6
Abubakir05
2017-04-23 18:16:10
ady-88,Батыралиев колдон келишинче эле жардам берип жатат берилген жардамды туура эмес иштетип жаткан оорукана жетекчилеринде да куноо толтура министр ар бири менен чогуу журо албайт да ал кишиге туура эмес маалымат беришет берилген акчаны ремонтко жумшадык деп жарым акча этаж уйлорго кетип жатат.
+1
Shef87
2017-04-22 20:09:54
бул бети бетондорго кунубуз тушпосун
+4
kenjebek_a
2017-04-22 20:49:56
АШАнын кадры да кетпейт.Андан да 2040жылга онуктуруу долбоордун жетекчисин айтсан ал да АШАнын бир суйгон кадры.Чуркаганга таш баканы койгондой эле иш болуптур.Кыргызды онуктурчу долбоорго кыргызга куйгон кыргыз жокпу.СДПКда го жок аны Эл билет.Бирок Эл ичинде бар.Анча болду колдо бийлик барында Анвар артыковко СДПКчылар кыргыздын тарыхы менен санжырасын жаздыргыла.Карамушкина тил боюнча мыйзам жазсын.
+7
Kubat.karagulov
2017-04-22 21:17:50
Жаңылык эмес деп жүрө бер анда делдейип.Алдагы бардакты көрүп кантип турасың жерге кирип кетпей
+6
Abubakir05
2017-04-23 18:17:46
Kubat.karagulov,буга чейинкилер эле кыйратты беле азыркынан да жаман болчу
0
Best.bakyt
2017-04-22 21:43:09
Министр болбой курусун ушул. Жон эле жан экен да, солокот бир. Курсагы тойгонуна ыраазы.
+4
Lekarstvosvoegomuja
2017-04-22 21:44:36
Байку Кыргызыма боло берет дегени тура
+3
Rifle_I
2017-04-22 22:06:01
Депутаттарды, президентти баш кылып чет өлкөгө чыгарбай биздин ооруканаларда дарыланууга мажбурлаш керек. Кимде ким бизде жасалсу операцияларды же процедураларды чет өлкөдөн жасатып келсе, кылмыш ишин козгоп камап салыш керек. Ошондо гана ооруканалар оңдолуп калат.
Анан да сапаттуу мед.жардам көрсөтүү үчүн айлык акы жетиштүү болуш керек. Дарыгер ошондо үйбүлөсүн багууну ойлонбой, акчаны каяктан кантип алам дебей дарылоо менен гана алек болот.
+7
Truelensk
2017-04-22 23:49:56
Rifle_I,ммммда
0
Дарыгер
2017-04-23 04:37:30
СССРдин учурунда курулуп калган зданиелерди ремонттогону да кучубуз жктпейт. Жакында ушул зданиелердин колдонуу мооноту бутот. Урайт. Жаны имарат кура алабызбы??? Азыртадан куруп баштабасак. Жакында больницасы жок калабыз. Депуттар Жогорку кызматтагылар Германия Турцияга барып дарыланып келишет. А карапайым Эл кантет???
0
Kroxa
2017-04-25 04:31:37
Эл эмне деген акча толойт ооруканалар учун кудаай деги оорунун артын ары кылсын бирок кирсен эч условиявы жок туруп акча сурашат кайда кетип анын баары..дары дармекти да озубуз алабыз,билбейм булар тоюуп буткучо ооруканалар урап бутот,талаага чатыр тигип дарылап калышт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан