Ысык-Көл. "Кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитети" коомдук бирикмесине кылмыш иши козголду

Ысык-Көл ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан "Кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитети" коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык милдеттерине жоопкерчиликсиз жана кош көңүл мамиле кылгандыгы тууралуу фактылар аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин башкармасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов маалымдады. Анын айтымында, башкармалыктын кызматкерлери "Коммерциялык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын талаптарына туура келбеген "Кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитети" коомдук бирикмесинин юридикалык жагынын Уставын каттоого алышкан.

 Бул коомдук уюм мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдын функцияларын, укук коргоо органынын кызматкерлеринин  окшош форма кийүү жана наам берүү укуктарын өздөрүнө ыйгарып алышкан. Андан тышкары алардын милдетине санитардык абалды, энергетиканы, соцфонду, салык көзөмөлүн, автоунаа, техникалык көзөмөл жүргүзүү, соода тармактарын, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча текшерүү иштери кирген. Алардын Уставы боюнча, кызматкерлер коомдук экспертиза жүргүзүүгө, жаратылышты коргоонун мыйзамынын талаптарын сактоону текшерүүгө, жумушунан бошотуу талабын коюуга жана 50 пайызын коомдук бирикменин эсебине которуу менен административдик айып салууга акысы бар болгон.

"Натыйжада коомдук бирикменин айрым мүчөлөрү мыйзамды бузуп, мамлекеттик кызматкер катары өздөрүн тааныштырып, мыйзам бузган жарандардан пара алып келишкен", - дейт Усубакунов. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан