Чүй облусунда жер титирөөдөн улам 26 турак жайда жана 1 мектепте жаракалар пайда болду

Чүй облусунда жер титирөөдөн улам 26 турак жайда жана 1 мектепте жаракалар пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-апрель күнү саат 06:45те Чүй районунда 4-4,5 балл, ошондой эле саат 09:41де 2-2,5 балл жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 1 орто мектептин актовый залында жана 26 турак жайда 1 сантиметрге чейин жаракалар пайда болгон.

ӨКМнын адистери жана Жаранды коргонуу кызматтары тарабынан тактоо иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан