Базар-Коргон районунда көчкү алдында калган 4 адамдын экөө каза болуп, экөөнүн абалы оор

Базар-Коргон районунда көчкү алдында калган 4 адамдын экөө каза болуп, экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Базар-Коргон районундагы Хаят айылына суу түтүкчөсүн оңдогону барган сегиз адамдын төртөөсүн көлөмү 300 метр куб жер көчкү басып калган.

"Жергиликтүү тургундар тарабынан 4 адам көчкү алдынан чыгарылган. Бири ошол жерде каза болгон. Ал эми дагы бири ооруканага бараткан жолдо жан берген. 2 адам болсо оор абалда ооруканага жеткирилген. Аталган көчкү боюнча 10 күн мурда эскертүү берилген. Учурда көчкү басып калуу коркунучунда турган 7 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sagyn.91
2017-04-23 23:11:17
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.(( Ал эми ооруканадагыларга Аллаhым шыппасын берип, айыгып кетишсин((
+4
betatek-2011
2017-04-23 23:25:25
Эскертуу берилген коопту жерге барбай эле турушса болмок...аттин!!!
+2
mirlanpiter
2017-04-24 02:26:15
Кыргызстанда кыргызча аталса айылдар да
+2
mirlanpiter
2017-04-24 02:27:58
Кудай колдосун
+1
mirlanpiter
2017-04-24 02:31:43
Каза болгондордун Ата эне бала чакасына конул айтамын,жаракат алгандарды тезирек айыгып кетишин Кудайдан тилейли
+2
uluk92kg
2017-04-24 03:23:39
ех бийликтеги Адам дар акчанар бар дагы акча учун жашайсынар акчанар олгонунордо кошо алып кете албайсынар
карапайым ел 2017 жылы 4 Айдын ичинде кырылып калдыго
елди ойлосонор болор чонтогунорду ойлобостон
-1
Kroxa
2017-04-24 08:36:24
Кочкуну бийлик эмне кылып токтотмок эле табигий кырсык,эскертуу берилиптир 10 кун мурда,,адамдардын пейли бузулду барба салба деген жерге барып жашашат,,анан бийлик куноолу...
+1
Albinka.87
2017-04-24 10:12:56
Kroxa, Шайлоо болот деп биздин чондорубуз жан талашып атышпайбы. Ал сегиз кишини суу тутукторун ондой калышсын элге жагыналы деп жонотсо керекта. Анан чондорго жагыналы деген биздин жугуруктор чуркап барып карапайым элди жумушка алып жонодуда. Эскертуу берилгендигин билип туруп кочку тушкончо ондой калалы деп барышса керек
+1
Sultanmatievkg
2017-04-24 16:11:23
Жаткан жерлери жайлуу болсун.жакындарынын кайгысын тен болушобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан