Батыш Африкадагы Гана мамлекетинин тургуну, витилиго (тери оорусу) оорусунан жабыркаган 25 жаштагы Энам Хейкинз аттуу медайым белгилүү моделге айланды. Бул тууралуу англиялык "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Энам Хейкинз 8 жашка чыкканда терисинде ак тактар пайда боло баштаган. Мындан улам аны классташтары, башка окуучулар шылдыңдашып, оорусу жугуп калат деп жанына келбей коюшчу экен. Анын айтымында, бетиндеги тактардан улам жеке жашоосунда да маселелер жаралчу.
Энам медайым адистиги боюнча билим алып жүргөндө витилиго боюнча жыйынга катышкан. Ал жерден кызды моделдик агенттиктин өкүлдөрү байкап калып, чогуу иштешүүгө чакырышкан. Учурда анын сүрөттөрү журнал беттерине чыгып, модалуу бренддердин жүзүнө айланган.
Белгилей кетсек, витилиго - пигментациянын бузулуп, адамдын терисинин кээ бир жерлериндеги меланиндин жоголушуна алып келиши. Бул ооруга планетанын 1 пайызга жакын жашоочусу кабылган. Илдет терең изилдене электигине байланыштуу аны ишеничтүү дарылоо ыкмалары дагы жокко эсе.