Франция: Президенттик шайлоодо 2 талапкер 2-турга өттү

Францияда 23-апрелде президенттик шайлоо өттү. Анын алдын ала жыйынтыгы боюнча 2 талапкер: Эммануэл Макрон жана Марин Ле Пен 2-турга өттү. Чет элдик маалымат каражаттарына таянсак, бюллетендердин 97 пайызы эсептелип бүткөн жагдайда Макрон 23,86 пайыз добуш алды. Ал эми Ле Пенге шайлоочулардын 21,45 пайызы добуш беришкен. Үчүнчүгө Франсуа Фийон (19,96 пайыз) чыкканы белгилүү болду. Шайлоонун 2-туру 2017-жылдын 7-майында өтөрү күтүлүүдө.

Эммануэл Макрон - 39 жаштагы франциялык саясатчы. "Алга!" кыймылынын лидери! Мурда өлкөнүн экономика жана өндүрүш министри болуп иштеген.

Марин Ле Пен - "Улуттук фронт" партиясынын лидери. 48 жаштагы айым. Францияда 2012-жылкы президенттик шайлоодо да талапкерлигин коюп, 1-турдун жыйынтыгында 3-орунду алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан