"Эл өкмөткө көбүрөөк ишене баштады" дейт чиновник Абылгазиев

Өлкөдө элдин өкмөттүк органдарга ишеними жогорулап жатат. Маалыматты 24-апрелде парламенттин 2 комитетинин кошмо жыйынында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирип, 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы аткаруу бийлигине элдин ишеним индекси 5,8 пайызга өскөнүн айтты.

Жалпысынан караганда 2016-жылы өкмөттүн "Ишеним жана биримдик" программасы 90 пайызга аткарылганын, 2016-жылы Кыргыз мамлекетинин экономикасы Казакстан, Армения өңдүү мамлекеттерге салыштырмалуу жогорку өсүш көрсөткөнүн айтат чиновник.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттери бүгүн өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчётун угууда. Комитеттин отурумуна вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк түзүмдөгү мекемелердин жетекчилери катышып жатышат. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан