Кыргыз мамлекетинин Хабаровск шаарындагы консулу аталган шаардагы ооруканага барып, 17 жаштагы өспүрүмдүн огунан жаракат алган Талант Жумаевдин ал-абалын көрдү. Учурда мекендешибиздин абалы туруктуу, өзүнчө палатага которуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилей кетсек, 21-апрель күнү кечинде Орусиянын Хабаровск шаарында өспүрүм Федералдык коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмүнүн имаратына кол салып, 2 адам каза тапкан. Бири аталган мекеменин кызматкери, экинчиси ал жерде жумуштары менен жүргөн катардагы жаран. Дагы бир жаракат алган адам Кыргыз мамлекетинин жараны Талант Жумаев аталган мекемеге котормочу катары чакырылганы белгилүү болгон.