Кыргыз мамлекетинде элдин 95 пайызы санариптик телеберүү менен камсыздалды. Бул тууралуу 24-апрелде парламентте 2 комитеттин кошмо жыйынында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 2017-жылдын май айында өлкөдө аналогдук сигнал биротоло токтотулат.
Чиновник Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2016-жылдын 31-декабрына карата 4 миллиард долларды түзгөнүн, бул Кыргыздын ички дүң продукциясынын 57 пайызын түзөрүн белгиледи. Белгилүү болгондой, Кыргыз мамлекети карызга алып жаткан акчалардын көбү жол куруу тармагына жумшалууда. Абылгазиев акыркы жылдары жол куруу тармагы жакшырганын айтып, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун, Бишкек - "Манас" аэропорту трассасын жана башка жолдордун курулушун мисал кылды.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттери бүгүн өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчётун угууда. Комитеттин отурумуна вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк түзүмдөгү мекемелердин жетекчилери катышып жатышат. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.