Баңгизат жасай турган 560 литр күкүрт кислотасын Өзбекстандан Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылына алып келген өзбек жараны 6-майда кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кислотанын суммасы 70 миң сомду түзөт. Кармалган Т.Д. аттуу жаран бул кислотаны Өзбекстандан аткезчилик жол менен алып келгени белгилүү болду. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.