Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 24-апрелде коомдук ишмер жана саясат таануучу Ишенбай Абдуразаков 77 жаш курагында каза болгон. 25-апрелде Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театрында коштошуу зыйнаты өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Ишенбай Абдуразаков 1937-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында туулган. Кыргыз Республикасынын тунгуч президентинин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген. 1971-1975-жылдары СССРдин Япониядагы элчилигинде катчы, 1975-1978-жылдары Япониянын Саппоро шаарында СССРдин консулу болуп эмгектенген.