2016-жылы салык планын аткарбаган 11 жетекчинин бири гана иштен алынды

2016-жылы 11 район салык топтоо планын аткарган жок. Бул тууралуу 24-апрелде парламентте Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов (сүрөттө) билдирди. Депутаттар планды аткарбаган райондук салык кызматтарынын жетекчилерине кандай чара көрүлгөнүн сурашты. Абдыкаимовдун билдиришинче, 1 жетекчи кызматтан алынып, 4 жетекчи кызматынан төмөндөтүлдү. Калган 6 жетекчиге сөгүш берилди.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов жетекчилерди тандалма жазалоо туура эместигин, 11 жетекчи бирдей жазаланышы керектигин айтат. "Карап көрүп, кайсы жетекчи оппозициянын кадры болсо иштен алып койдуңар", - деген депутат өкмөт өкүлдөрүнө суроо берүүгө кенен убакыт берилбей жатканын сындап: "Мындай шартта маселени кароого макул эмесмин, өкмөттүн отчётун колдобойм", - деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттери бүгүн өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчётун угууда. Комитеттин отурумуна вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк түзүмдөгү мекемелердин жетекчилери катышып жатышат. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан