Жыргалаңдагы шахтадан куткарылган шахтёр: "Жер астында канча убакыт өткөнүн билген жокпуз"

Бүгүн, 24-апрелде "Жыргалаң" көмүр казуучу шахтасында калып калган 2 шахтёр куткарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Куткарылган шахтёрлордун бири Кайрат Доргоев SUPER.KG`ге учурда абалы жакшы экенин айтып, ооруканага бара жатканын билдирди.

"Жер астында болгондуктан канча убакыт өткөнүн билген жокпуз. Көрсө, 2 күндөй болуп кетиптир. Учурда абалыбыз жакшы, ооруканага бара жатабыз", - дейт Кайрат Доргоев.

Белгилей кетсек, 22-апрелде болжол менен саат 17:35 чамасында "Жыргалаң-Дөргөкөмүр" ЖЧКсы иштеп жаткан шахтада кырсык катталып, ичинде 2 шахтёр калып калган. Анда жер алдынан суу ресурсу пайда болуп шахтанын үстү түшүп жабылып калган. Шахтёрлорду издөө үчүн 200дөй адам тартылган. Кырсыкка кабылгандар Кайрат Доргоев жана Азамат Тойматов узундугу 500, тереңдиги 117 метр шахтанын ичинде калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asman...
2017-04-24 12:08:34
МашаАллах тирүү экен. Өмүрүңүздөр узун болсун. Ата-эне балдарынын ырыскысы бар экен. Аябай кыжалат болдум эле эмне болушту экен деп.
+19
Salman.eldar
2017-04-24 12:21:51
кече уккандан бери кыжаалат болуп жаттым эле, эмне болушту экен деп? жакшы Кудайга шугур аман эсен чыгышыптыр. мен аябай кубанычтамын
+15
AIZAD
2017-04-24 13:54:32
Аман эсен экен ырас! Жер астында калганда омурлору коз алдынан отту го ..
+9
Kroxa
2017-04-25 04:10:45
Шок болуп калышты го карангылыкта 2 кун жатышса,Аллага мин ыраазылык алты саны аман табылганына эмне болуп кетеер экен деп кутуп аттык эле..кудай чоон сактаптыр..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан