Бишкек-Ош трассасындагы посттон алынчу 45 сомдук төлөмдү 100 сом кылуу зарыл. Бул сунушту 24-апрелде парламентте депутат Кубанычбек Нурматов айтып, топтолгон акчага трассаны оңдосо болорун билдирди. Депутат аталган трассадагы посттон жылына 50-60 миллион сом жыйналарын, тариф көтөрүлсө жылына 100-150 миллион сом түшөрүн айтат.
Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев посттон алынган акча Бишкек-Ош трассасын жаңылоого эмес, тоннелдерди кароого жумшаларын, посттон алынчу 45 сомду 100 сомго көтөрүүгө мыйзам жол бербесин белгиледи. "Жолду акча төлөнө турган кылуу үчүн Бишкек-Ош багыты боюнча кошумча жол болушу керек. Азырынча жалгыз эле жолубуз бар, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу курулуп бүтүп калса, балким, ошондо киргизсек болот. Ал эми Төө-Ашуунун тегерегиндеги жолду быйыл оңдойбуз", - деди Жусубалиев.
Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган трассадагы постто коррупциялык схемалар бар экенин, аны жоюу аракети жасаларын, жакында бул боюнча премьер-министр менен сүйлөшкөнүн айтты.
Азыркы учурда Бишкек-Ош жолундагы посттон өткөн ар бир айдоочудан 45 сомдон алынат. Акчаны "Сосновка" жана "Кара-Көл" посттору жыйнайт.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттери бүгүн өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчётун угууда. Комитеттин отурумуна вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк түзүмдөгү мекемелердин жетекчилери катышып жатышат. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.