Чиновниктер Бишкек-Кара-Балта трассасынын Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айылдарындагы тилкеси качан жаңыланарын айта албай жатышат. "Жакында сөзсүз жамайбыз. Бирок толук жаңылап куруу иштери 2-3 жылдын ичинде, үнөмдөлгөн акчанын эсебинен жасалат", - деп билдирди Транспорт жана жол министрлигинин өкүлү. Парламенттин депутаты Эльвира Сурабалдиева 2 айылдын тургундары жолдун абалына нааразычылык билдирип, жол качан оңдолорун сурап жатышканын айтты. Кайра-кайра суроо бергени менен, депутат аталган тилке качан оңдолору боюнча өкмөт өкүлдөрүнөн так жооп ала алган жок.
Белгилүү болгондой, Бишкек-Кара-Балта трассасын жаңылап куруу долбоорунан аталган 2 айылдын аймагындагы тилке чыгарылып калган. Себеп - акчанын тартыштыгы. Жол оңдоо иштери Бишкектен эмес, шаардын сыртындагы унаа базарынан Кара-Балтаны көздөй башталат. Ортодо 9 чакырым жол жаңыланбай калганы жатат.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттери бүгүн өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчётун угууда. Комитеттин отурумуна вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк түзүмдөгү мекемелердин жетекчилери катышып жатышат. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.