Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети өкмөттүн 2016-жылкы ишин "канааттандырарлык" деп тапты

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттери өкмөттүн 2016-жылкы ишин "канааттандырарлык" деп тапты. Чечим көпчүлүк депутаттардын добушу менен кабыл алынып, оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын 1 депутаты каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, аталган эки комитет бүгүн өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчётун укту. Комитеттин отурумуна вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк түзүмдөгү мекемелердин жетекчилери катышты. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан