Бүгүн, 8-майда саат 11:40 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чак айылынын Көк-Суу орто мектебинде окуган башталгыч класстын окуучулары түшкү тамактан ууланышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Натыйжада ууланган 11 окуучу райондук ооруканага жеткирилген. Окуучуларга "курч гастроэнтерит" (тамак-аштан уулануу) диагнозу коюлду. Маалыматка ылайык, учурда окуучулардын абалы жакшы. Оор абалга учураган жана каза тапкан окуучулар болгон жок.