Жолдошу 3 баласы менен таштап кеткен Алтынай жашаган вагон оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайрымдуу жарандар ага эми жылуу үйдүн ачкычын тапшырышты. Мындай жагымдуу кабарды Алтынай өзү SUPER.KG порталына билдирди.
"Башында бардык фонддорго барып жүрүп эч кандай пайда болгон эмес. Анан коӊшуларым SUPER.KG порталына кайрылып көрсөӊ деп калды. Бирок көп деле үмүттөнгөн эмесмин. Эл бар экен. Кайрымдуу жарандар үйдү толугу менен оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп, жылуулап, эки уулума жана кызыма өзүнчө бөлмө кылып беришти. Башында шарты жок бир эле бөлмөдө жашачумун. Баарына рахмат", - деп сүйүнгөн Алтынай көзүнө жаш алды.
Сырты кыш менен тосулган вагондун ичи-тышын оӊдоп түзөө үчүн 17 күн убакыт талап кылынган. Эшик, терезе, чатыр кайрымдуу жарандардын эсебинен бекер берилген.
Ак-Өргө конушундагы борбордук мечиттин имамы, Юсуп Сайпиев Алтынайга кандайча жардам берип калганын айтып, буларга токтолду.
"SUPER.KG порталына Алтынайдын тагдыры жөнүндө репортаж чыккандан кийин телефон номерин алып байланышып, жолуктум. Үйүн келип көргөндөн кийин эле ишке кириштик. Элден чогулган 40 миӊ сом усталарга, үйгө керектүү идиш-аяк, буюмдарга жумшалды. Эми төрт тоок, эки мүшөк жеми менен алып берели деп турабыз", - дейт ал.
Белгилей кетсек, март айынын аягында 3 баласы менен шарты жок вагондо күн кечирген 25 жаштагы Алтынай аттуу кыз тууралуу чагылдырганбыз. Ал бизге өзүнүн аянычтуу тагдыры менен бөлүшүп, жолдошу 3 баласы менен ара жолго таштап кеткенин кошумчалаган. Кайрымдуу адамдар Алтынайдын үй маселеси боюнча тилегин 1 айга жеткирбей орундатып беришти.