Бүгүн, 24-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун оңдоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, таанышуу учурунда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мамлекет башчыга жаңыланып жаткан автомагистралдын бардык негизги тилкелеринде иш жүрүп жатканын айтып берди. Министрдин айтымында, туристтик сезон башталганга чейин Чок-Тал-Чолпон-Ата тилкесине асфальт төшөө иштери аяктайт.
"Президент Алмазбек Атамбаев жолду жаңылоого зарыл каражаттардын табылышы менен куруучулар жолду өз маалында жана сапаттуу бүткөрүүгө тийиш экенин белгиледи. Президент Балыкчы-Корумду унаа жолу бардык талаптарга жооп бергидей, жол жээктеринде жайгашкан шаарлар менен айылдардын тургундары жана туристтер үчүн коопсуз жана жайлуу болушу үчүн анын инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө көӊүл бурду", - деп айтылат маалыматта.