Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети өкмөттүн 2016-жылкы иши боюнча отчётун угууда.
Жыйында депутат Акылбек Жапаров айыл өкмөт башчыларынын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын айтат.
"Айыл өкмөт башчылары бүгүнкү күндө эч нерсеге жооп бербейт. Жерге, малга... Жакырчылыкты жоюу боюнча эмне иш жасап жатканын сурасаң "бул менин эмес, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин иши" дешет. Эки баскычтуу бюджет деп бул жааттан укукту бердик, эми алардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл", - дейт Жапаров.
Жыйында суроо-жооп уланууда.