ЖЫЛНААМА, 24-АПРЕЛЬ: Куудул Назира Жетигенова 43 жашын иш үстүндө белгилейт

Бүгүн, 24-апрелде куудул Назира Жетигенова 43 жашын белгилөөдө. Таланттуу айым SUPER.KG`ге билдиргендей, учурда Ысык-Көл облусунда гастролдоп жүрөт. Андыктан өздүк майрамын иш үстүндө белгилерин билдирди.

Белгилей кетсек, Назира Жетигенова Талас шаарында төрөлгөн. 8-классты бүткөн соң медициналык орто окуу жайга тапшырып, бирок аягына чыккан эмес. Кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык бий студиясында окуган. Биринчи жолу 2000-жылы Спорт Ордосунда өткөн концертте куудул Анвар Асанакунов менен чоң сахнага чыккан.

Ал куудулдук өнөрдүн аркасы менен "Нукура кыргыз" телефестивалында 4-орунду, "Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы" сынагында 1-орунду, Казакстанда өткөн Орто Азия элдеринин "Күлкү жарманкеси" фестивалында 1-орун­ду алган.

24-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RusMos76
2017-04-24 16:10:27
Куттуктайбыз!
0
sabyr86
2017-04-24 16:40:29
Кайсы кыйраткан иши бар экен)))
-3
Albinka.87
2017-04-24 23:41:13
sabyr86,Сенин да жумушун тачкист болсо сага ошол да иш болмок. Назира Жетигенованын жумушу сеникинен караганда жоопкерчиликтуу эгер тушунсон.
0
Santini
2017-04-24 18:19:42
Туулган кунун кут болсун.. иштерине ийгилик... жакшы кулдурот. Иногда только перебарщивает... а мындай Жайнагуль экоо сонун тандем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан