21-апрелде жол кырсыгынан жабыркаган мектеп окуучулары дале жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде SUPER.KG`ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Экөө теӊ Бишкек шаардык 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Буюрса, бирөөсүнүн абалы жакшы, өзүнө келди. Ал эми экинчи окуучу дагы деле комада", - дешти мекемеден.
Эскерте кетсек, кырсык 21-апрелде Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Балдарды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалып, күнөөсүн моюнга алган.
Кырсыктан жабыркаган балдардын бири 2007-жылы туулган М.Э. аттуу окуучунун сол колу сынып, мындан тышкары ал ичинен жаракат алган.
Экинчи жабыркаган бала 2007-жылы туулган С.А. аттуу окуучунун сол бутунун кыр сөөгү эки жеринен сынган. Ошондой эле ал ичинен жана сол санынан жаракат алган.