ЖЫЛНААМА, 25-АПРЕЛЬ: Безгек илдетине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү

Безгек кадимки малярия оорусу. Жер шаарында жылына 500 миллионго жакын адам безгек оорусу менен ооруйт. Анын ичинен 2 миллионго жакыны көз жумат. Бул оорудан өзгөчө 5 жашка чейинки балдар азап тартат. Оорудан көбүрөөк жапа чеккендерге Африка континентинин Сахара чөлүнүн түштүгүндө жашоочулар, Түштүк-Чыгыш Азиянын (негизинен Индия, Ооганстан), Таиланддын тургундары кирет.
Кыргыз жергесинде безгек өткөн кылымдын баш чендеринде кеңири жайылган оорулардын бири болгон. Эпидемияга каршы иш-чаралардын жыйынтыгында бул оору өлкөдө 1950-жылдары толугу менен ооздукталган. 1980-2000-жылдар аралыгында безгектин жайылышы сейрек мүнөздө болгон. Бирок 2002-жылдан тарта Кыргыз өлкөсүндө безгек оорусу баш көтөрүп, бирок 2006-жылы кырдаал жөнгө салынган.
Безгек (малярия) итальяндардын “malaria” – “жаман аба” деген сө­зүнөн алынган. Анткени мурда ооруну жаман аба чакырат деп эсептешкен. Безгек “саз калтыратмасы” деген ат менен да таанымал.
25-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан