Кыргыз өлкөсүнүн башчысы Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын перспективдүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары президенттер эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн жана Евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын алкагында иштешүүнүн эң актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.