Америкалык аял эӊ көп убакыт космосто болгону менен дүйнөлүк рекорд койду

НАСА уюмунун космонавты Пегги Уитсон (Peggy Whitson) башка космонавттарга караганда эӊ көп убакыт космосто өткөргөнү менен айырмаланып, дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар бүгүн, 25-апрелде жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, Уитсон космосто 534 күн, 2 саат 49 мүнөт өткөргөн. "Бул менин жашоомдогу токтоткум келбеген сапарлардын бири болду. Ар бир тапшырманы аткарууда жардам берген бардык адамдарга ыраазычылыгымды билдирем", - деп жазган Пегги Уитсон.

Анын мындай жетишкендиги менен АКШнын президенти Дональд Трамп да куттуктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2017-04-25 08:48:50
Космосто жургон кандай сонун болсо керек э, дээрлик 1.5 жыл журуп коюптур да.
+2
Abdusamat.kg
2017-04-25 09:04:20
Ал жактагы убакыт менен биздин убакыттын айырмасы бар беле адашпасам
+2
kyialkech2016
2017-04-25 09:25:50
Абдусамат Ал жакта убакыт жок кун тун алмашбайт. Бул аялды Жер убактысы мн эсептеген
0
Beka1986
2017-04-25 09:41:58
Курсагы ачпадыбы
0
maku88
2017-04-25 10:41:07
Beka1986,))))))))
+1
KG.Kushtarbek
2017-04-25 11:31:33
Beka1986, магазинден сатып жеп турганда
+5
kyialkech2016
2017-04-25 09:44:32
Beka1986, космосто деле тамактанат. Ал тургай суусундуктарды алып барып ичишет
0
nur_zhoni
2017-04-25 23:30:16
kyialkech2016, койчу ошондойбу мен ачка журушот экен деп ойлопмун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан