Мындан 177 жыл мурун, 1840-жылы 25-апрелде атактуу орус композитору Пётр Ильич Чайковский Воткинскийде Камско-Воткинск заводунун начальнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Ал чыгармачылыкка 1862-жылдан баштап толугу менен киришкен. Анткени Чайковский бала чагынан эле музыка жазганды, музыкалык инструментте ойногонду, дирижёр болгонду жакшы көргөн. Ал 36 жашында Москва консерваториясынын профессору болуп, 2 операнын, 3 симфониянын автору болгонго жетишкен.
25-апрелдин жылнаамасы.