Александр Лукашенко президент Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Беларустун президенти Александр Лукашенко президент Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, анда 9-Май күнү фашизмге каршы кан кечкен кармашта баатырларча салгылашуу менен өз мекенинин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп калгандар ыраазычылык жана сыймыктануу сезими менен эскерилери жазылган. “Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында бекемделген беларусь-кыргыз достугу биздин өлкөлөрдүн өз ара пайдалуу кызматташуусун андан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз боло тургандыгына ишенем. Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чын дилимден бекем ден соолук, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык, бакыт жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”,- деп жазылган куттуктоодо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан