Камчы Көлбаевдин жактоочусу бүгүн, 8-майдагы соттук отурумда “суракка алынуучу жарандардын саны 130дан ашык. Алардын теңи биз карап жаткан ишке тиешеси жок” деп билдирип, убакытты үнөмдөө үчүн сот ишине катышуучу жарандардын санын кыскартууну соттон суранды. Сот ишине төрагалык кылуучу судья мындай өтүнүчтү кабыл алып, кийинки сот отуруму суракка алынуучу жарандарды тактап алгандан соң уланарын билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн, 8-майда Биринчи Май райондук сотунда криавторитет Камчы Көлбаев боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү.