“Боинг кырсыгы боюнча түзүлгөн комиссия жакшы иштеп жатат, өкмөт элге каршы чыкпайт. Биз кантип түркиялык компания тарапта болмок элек?” - деди бүгүн, 25-апрелде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында.
“Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов Бишкектеги Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жерге авиакырсыктан жабыркагандарга үй салып берүүнү сунуштады.
Сооронбай Жээнбеков жабыркагандарга компенсация төлөө боюнча түркиялык тарап менен сүйлөшүүлөр жакшы жүргөнүн айтты. Ал эми турак жай куруу боюнча өкмөт жер таппай жатканын белгиледи.
Депутат Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын тургундары бул окуядан кийин коркунуч менен жашап жатканын эскертти. "Аталган айылда бүгүнкү күнү дагы коркунуч бар. Мындай окуя дагы кайталанып кетсе эмне болот? Кайталанбай эле койсун. Аларды башка жакка көчүрүү өкмөттүн башкы милдети", - деди эл өкүлү.