Жогорку Кеңештин кезектеги комитети өкмөттүн 1 жылдык ишин “канааттандырарлык” деп тапты

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2016-жылкы ишин “канааттандырарлык” деп тапты.

Мындай чечимге комитетте 10 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы (КСДП, "Бир Бол", "Кыргызстан" фракциялары) жана "Республика - Ата Журт" фракциясы өкмөттүн 2016-жылы аткарган ишин "канааттандырарлык" деп тапкан. Ал эми "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган. 27-апрелде өкмөттүн жылдык иши Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан