Депутат Архитектура агенттигинин директору Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына 3-жолу келбей койгонуна нааразы болду

Бүгүн, 25-апрелде "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурланбек Макеев Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Бактыбек Абдиев (сүрөттө) 3-жолу келбей койгонун айтып нааразы болду. Анын ордуна келген анын орун басары Алмазбек Абдыкадыров башка комитетте өкмөт отчёт берип жатканын билдирип, Абдиев ошол жакка кеткенин белгиледи. Бирок комитеттин депутаттары Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке өкмөт отчётту саат 13:00дө эле берип бүткөнүн айтышты.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Турак жай кодексине, "Жекече турак жай курулуш жөнүндө" мыйзамдарына) мыйзам долбоору каралмак. Абдиев өзү келгенде аталган мыйзам долбоору карала турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан