Асылбек Жээнбеков: "Улуу Жеңиш – эрдик менен эмгектин натыйжасында жаралган күн"

Төрага Асылбек Жээнбеков кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Куттуктоодо быйыл 68 жылдыгы белгиленип жаткан Жеңиш күнүнүн мааниси зор экендиги, 1945-жылдын 9-майы адам баласынын оор кайгысы менен зор кубанычы тогошкон күн экендиги белгиленген. “Биз, Улуу Жеңиш ээлеринин урпактары, кан майданда каза болгондордун, андан кийин көзү өткөн согуш жана оорук ардагерлеринин, азыр да арабызда жүргөн карыяларыбыздын чыныгы эрдигине сыймыктануу менен башты ийип миң мертебе таазим кылабыз. Мындан ары да арабызда аман жүрүп, улуулук нускаңыздардан жазбай, журт ичиндеги ынтымак менен ырашкерликти чыңдай беришиңиздерге тилектешмин. Баарыңыздар чың ден соолукта болуп, бакубат өмүр сүрүңүздөр. Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен!”- деп жазылган куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан